Бул тууралуу Нарын райондук сотунун өкүмүндө баяндалган.
Маалыматта, кылмышка шектүү делген 28 жаштагы А.С. өзүнүн досун өлтүрүп алган. Ал сот залында күнөөсүн мойнуна алып, досун өлтүрүү максатында эмес өзүн коргоо максатында кол көтөргөнүн айткан.
Каза болгон жаран шектүүнүн классташы болгон. Алар кырсык болор күнү жолугушуп, досу арак ичели деген. Экөө талаада отуруп арак ичишкен. Андан кийин кылмышка шектүү жаран досун аракты азыраак ичүүсүн айтканда досу акыл үйрөтөсүң деп жаман сөздөр менен сөгүп досун чаап ийген. Ошентип экөө талаадамушташа кетишкен. Бирок ал мушташ тез эле токтоп кайра жарашып арак иче башташкан. Көп өтпөй буларга дагы бир досу келип кошулуп чогуу иче баштаган. Күтүүсүздөн маркумдун мурдунан кан кетип, ал жуунуп тазаланып унаага барып жатып алган. Качан алар айылга киргенде досун ойготоюн деп анын каза болуп калганын билген. Ал эми сотто жабырлануучу катары таанылган маркумдун таежеси жээни орой, ичкенде дайыма бирөөлөр менен мушташып, тынчтык бербеген адам болгонун, бул кокустук экенин айтып айыпталуучуга жеңил жаза берүүсун суранган. Жыйынтыгында сот айыпталуучуну үч жылга сыноо мөөнөтү менен жазага тартты.
Булак: argument.kg