Иммунолог Николай Крючков журналисттерге коронавирустун омикрон-штаммы жуккан жаш балдардын абалы тууралуу айтып берген. Анын маалыматы боюнча, адатта COVID-19 вирусундагы жогорку дене табы, катуу жөтөл сыяктуу белгилер жаңы штамм жуккан балдарда дайыма эле байкала бербейт.
«Бала жай кыймылда болуп, суроолорго жай жооп берип калат. Анын жашоо образы, алектенген иши өзгөргөнүнө байкоо салуу керек. Оюнга көп кызыкпай, табити жоголуп калса, бул оорунун алгачкы белгилери болушу ыктымал», - деди Крючков.
Дарыгер белгилегендей, омикрон менен ооруган учурда балдарда жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү жана ичтеги оору болот.
Булак: Баракелде