Бул тууралуу «КазТАГ» агенттиги жазды.
Интернетке чогулушка чакырылган адамдардын тизмеси да тарады. Тизмеде казакстандык миллиардерлер жана ири компаниялардын жетекчилери бар.
11-январда Токаев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин убагында кирешеси көп компаниялар жана бай адамдардын тобу пайда болгонун билдирген. Ал казакстандык ири компаниялар жана эң бай адамдар казак элине жардам берип турушу керек экенин айткан.
Ошондой эле Токаев саламаттыкты сактоо, билим берүү жана калкты социалдык жактан колдоо боюнча иш алып бара турган «Казакстан элине» деген коомдук социалдык фонд түзгөн.
Казакстандык журналист Вадим Борейко өз булактарына шилтеме берип, Токаев менен казак бизнесинин 75 өкүлү жолугары күтүлүп жатканын билдирди.
Булак: Баракелде