Казакстандагы нааразычылык акциялары 2-январда Мангистау облусунда Жаңыөзөн шаарында батыш аймактарда көпчүлүк унаалар колдонгон суюлтулган газдын баасы кескин көтөрүлгөндөн кийин башталган.
Бүгүн, 5-январга караган түнү өлкөнүн башка шаарларында да нааразылык акциялары өттү. Анда миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январда саат 1:30дан 19-январдын түн жарымына чейин Алматы жана Мангистау облусуна өзгөчө абал киргизди.
Өзгөчө абалга карабай эл көчөгө чыгууда. Алардын талаптары:
- Азык-түлүктүн баасын арзандатуу;
- Күйүүчү-майлоочу майлардын баасын арзандатуу;
- Пенсия курагын 58/60 жашка чейин кыскартуу;
- Өкмөттү толук отставкага кетирүү;
- Демонстрацияда кармалгандардын баарын бошотуу;
- Карапайым калктын эмгек акысын көтөрүү;
- Улуттук компаниялардын бардык туунду компанияларын жоюу;
- Утилизациялык төлөмдү жокко чыгаруу; (Утильсбор - товарларды утилизациялоо үчүн бир жолку төлөм. Транспорт каражаттарын, ошондой эле атайын техника, чиркегичтерди импорттоочулар, өндүрүүчүлөр же сатып алуучулар мамлекетке төлөөчү акча);
- Казакстандык унаалар үчүн акы төлөнүүчү жолдорду жокко чыгаруу;
- Пенсиянын минималдуу өлчөмүн жогорулатуу;
- Балдарга жөлөкпулдарды көбөйтүү;
- Президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу, саясий талаптар.
Булак: Баракелде