Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

Мындай чечим коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү максатында кабыл алынды.
Ошондой эле Алматы жана Мангистауда өзгөчө абал учурунда саат 23:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Андан тышкары, мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди коргоо күчөтүлөт; транспорт каражаттарынын эркин жүрүшүнө чектөө киргизилет; жарандардын документтери текшерилип, буюмдары, унаасы тинтүүгө алынат; Алматы жана Мангистауга кирүү жана кайра чыгууга чектөө киргизилет; тынчтык митингине, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат; курал-жарак, ок-дары, жардыруучу, уу заттарды сатууга тыюу салынат; баңги зат, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, спирт ичимдиктерин жүгүртүү өзгөчө көзөмөлгө алынат; физикалык жана юридикалык жактардан курал-жарак, ок-дары, уу заттар, ошондой эле окутуу үчүн пайдалана турган аскердик техника алынат.

Эске салсак, кечээ, 4-январда Казакстандын айрым облус-шаарларында митинг башталган.

Булак: Баракелде