Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча жыйында азыркы кырдаалга күнөөлүүлөрдү атады.

Президент суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык кырдаалга жол бергени үчүн өзгөчө өкмөт, анын ичинде Энергетика министрлиги, ошондой эле «Казмунайгаз» жана «Казаггаз» компаниялары күнөөлүү экенин белгиледи.

Президент былтыр июнь айында Мангистау облусунда суюлтулган газ чыгарган «Казак газ кайра иштетүүчү заводунун» («КазГПЗ») базасында жаңы заводдун курулушун тездетүү боюнча берген тапшырмасынын аткарылышын сынга алды.

Булак: Баракелде