Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондук округдары боюнча кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 14кө жетти.

28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда “баарына каршы” добуш бергендердин саны көп болгон. Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо болот.  Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Буга чейин Шайлообек Атазов Төлөйкан шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого катышып, утулуп калган. Атаандашы Нурбек Алимбеков менен соттошконго чейин барып, соттон утулуп калган.

Булак: reporter.kg