Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жаңы жылга карата куттуктоосунда айтылды.

«Кыргызстан — тоолуу өлкө. Биз улуттук байлыгыбыз болгон тоолорубуздун, жаратылыш менен экологиябыздын актуалдуу маселелерин БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына алып чыктык. Кыргызстандын демилгеси колдоого алынып, кыргыз тоолорун көздүн карегиндей сактоо маселеси жактырылды. Ошондой эле 2022-жылы Кыргызстанда өтө турган дүйнөлүк Тоо саммитин жогорку деңгээлде уюштуруу милдети алдыбызда турат» , — дейт Жапаров.

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялаган. Тиешелүү резолюция 16-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында кабыл алынган.

Булак: Маралфм