Кыргызстанда онлайн түрүндө кассалык аппараттар киргизилген 10 айдын ичинде товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 триллион сомго жетиптир. Ал жөнүндө Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, келерки жылы алык-салыктарды, төлөмдөрдү чогултууну 100 миллиард сомго көбөйтпөсө, сырткы карыздарды төлөөдө чоң кыйынчылыктар жаралат. Анткени, сырткы карыздарды төлөөдөгү эң көп суммалар 2022-2027-жылдарга туура келет. Ага ички мүмкүнчүлүктөр, резервдер жетишет, бирок....
Батышта адам өлтүргөн жазадан кутулса да, салыктан качкан жазадан кутулбайт
Батышта эзелтен эле “адам өлтүргөн бир шылтоо таап жазадан кутулса да, салыгын төлөбөгөн жазадан кутулбайт” деп айтылат. Анын чындыгына жүздөгөн, миңдеген далилдерди келтирсе болот. Дүйнөгө белгилүү адамдардын башкалардын күнөөлөрүнөн улам салыктары толук төлөнбөй калса деле, аларды аёосуз жазага кириптер кылышарын, андай жаза алардын кийинки саясый, моралдык обликтери үчүн кетпес кара так болуп каларын окуп, угуп жүрөбүз. Анткени, алык-салыктар, төлөмдөр мамлекеттин каны, жаны, күчү, куралы. Анын эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, күч түзүмдөрүн кармайт, эл алдындагы каржылык, социалдык милдеттенмелерин аткарат, жаңы экономикалык, социалдык долбоорлорду ишке ашырат. Чындыгында алык-салыктарды жакшылап чогулта албаган өлкөнү мамлекет деп атоого да болбойт.
Тилекке каршы, Кыргызстанда ондогон жылдардан бери эле реалдуу экономиканын 40-50 пайызы көмүскөдө келе жатат. Менчик ишкана, уюмдардын дээрлик баардыгында бухгалтериялык кош эсеп-кысап жүргүзүлөт. Кирешелердин, айлыктардын чыныгы өлчөмдөрү жашырылып, алардын бир бөлүгү үчүн гана милдеттүү салыктар төлөнөт. Мындай көрүнүштөр тигүү, соода, кафелик-ресторандык тейлөө, туризм, жеңил өнөр жай, курулуш ж.б. тармактарында кеңири орун алган. Ошондуктан акыркы бир нече жылдан бери бюджеттин киреше бөлүгү сезилерлик өспөй жатат. Бир мисал. Статмаалыматтарга ылайык, арак-шараптарды, ичимдиктерди, суусундуктарды ж.б. чыгаруунун, туристтерди тейлөөнүн көлөмү жылдан жылга өскөн менен ал тармактардагы милдеттүү алык-салыктардын, төлөмдөрдүн көлөмдөрү пропорционалдуу өспөй жатканын, атүгүл арак-шараптарды чыгаруучу ишканалардын салыктарынын азайып кеткенин баарыбыз жакшы билебиз. Ал айныксыз фактылардан болгон менен андай абалды оңдоп, бекитилген кирешелерди ачыкка чыгарып, бюджетке түшүрүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөй келгендиги да чындык.
Жаңы салык кодекси, кассалык аппараттар абалды өзгөртөбү?
Сырткы карыздарды өз убагында тейлеп, эл алдындагы социалдык милдеттенмелерди үзгүлтүксүз аткаруу, инфляцияга жараша бюджеттик кызматкерлердин маяналарын, пенсия, жөлөк пулдарды индексациялап туруу үчүн министрлер кабинети бюджеттин киреше бөлүгүн кескин көбөйтүүсү талап кылынууда. Ошондуктан Салык Кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Өткөн жылга салыштырганда быйылкы жылдын 11 айында бюджеттин кирешеси 47 миллиард сомго көп болду. Жыл аягына чейин ал дагы 26 миллиард сомго көбөйүп, 306 миллиард сомго жеткени турат.
Эгерде соода-сатык жүргүзүлгөн жерлердин баардыгына кассалык аппараттар орнотулуп, алардын так иштөөсү көзөмөлгө алынса, кирешелер дагы кескин көбөймөк. Бирок, мурдатан отчетторду бурмалап, алык-салыктарды, төлөмдөрдү азайтып көнгөндөр сөзсүз кассалык аппараттардан кыйгоого да аракет кылышат, соода-сатыктын, кирешелердин көлөмүн азайтып көрсөтүүнүн да жолдорун табышат. Эгерде министрлер кабинети, тийиштүү фискалдык органдар ага да бөгөт коё алышса, келерки жылда бюджетти дагы 100 миллиард сомго көбөйтүү жөнүндөгү план, максат кыйынчылыксыз эле аткарылат. Эгерде баардык бийликти алдап, алык-салыкчылар менен жең ичинен сүйлөшкөнгө машыккан шылуундар анын да жолун, тилин таап кетишсе, Кабинет убада кылдгандардын көбү кагаздан ары чыкпай калуусу да ыктымал. Демек, 2022-жыл кабинет үчүн гана эмес, жалпы бийлик ээлери үчүн чоң сыноо болгону турат...
Мирлан Дүйшөнбаев