Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Советтер Союзунун Баатыры деген наамга арзыгандар 11,5 миңден ашык, бирок панфиловчу 28 баатырдай даңазалангандар аз. Алар жөнүндө жазылган, тартылган көркөм чыгармалар эле отуздан ашык. Аларга Константин Симонов, Александр Бек, Бауржан Момуш уулу, Константин Воробьев сыяктуу ж.б. классиктер өз чыгармаларын  арнашкан, алардын баатырдыгы «Бошотуу» киноэпопеясында да чагылдырылган. Г.К.Жуков, К.К.Рокоссовский  баштаган маршалдар, генералдар да өз эскерүүлөрүнөн орун беришкен. СССРдин, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына байланышкан окуу куралдарынын баардыгына киргизилген. Биз үчүн ал Сталинграддагы, Курскидеги салгылашуулардай эле Улуу Ата Мекендик согуштун өлбөс-өчпөс барактарынан болуп калган. Ал кыргызстандыктар үчүн өзгөчө ыйык, анткени 316-дивизия Кыргызстанда, Казакстанда түзүлгөн, анын командири генерал  И.В.Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон.

Башкы Аскердик прокурордун тактамасынын артындагылар

Россиядагы айрым күчтөр акыркы эки-үч жылдан бери аны тарыхта болгон эмес, журналисттердин фантазияларынан жаралган миф катары көрсөтүүгө аракеттенишүүдө.

Ага СССРдин башкы аскердик прокурору Н. Афанасьевдин 1948-жылы 10-майда ВКП(б) БКнын катчысы А.А.Ждановго жазган билдирүү-корутундусу себеп болууда. Ал корутунду азыр интернетте жүрөт, айрым эркин басылмалар да анын мазмунун жарыялашкан. Россиянын Мамлекеттик архивинин жетекчиси Сергей Мироненко баш болгондор ошол прокурордук тактамага негизденишип, 28 баатырдын эрдиктери жөнүндө жазылгандар «Красная звезда» гезитинин Василий Коротеев, Александр Кривицкий, Давид Ортенберг деген журналисттеринин фантазияларынан жаралган мифологиялык икаялар, чындыгында эч кандай 28 баатыр болгон эмес дешүүдө. Андай жаңжалдар «28 панфиловцев» деген кинотасма экранга чыгарылардын алдында дагы күчөөдө.

Биз мында мурда Союздун ошол убактагы Башкы аскердик прокурору Н.Афанасьевдин 17 барактан турган корутундусунун мазмунун кайталагыбыз келбейт. Анда чын эле 28 баатыр болгон эмес, ал журналисттердин фан¬тазияларынан жаралган деп айтылат. Алардын чын-төгүнүн архивдик документтер менен иштөө боюнча тажрыйбасы бар бир кенже илимий кызматкер эле он күндүн ичинде аныктап, талаштарга чекит коюп салса болмок. Анткени, Подольскидеги аскердик, Москвадагы Генштабдын, НКВДнын архивдеринде полктордун, батальондордун оперативдүү карталарына, таркатылган паёкторго, күндөлүк билдирүүлөрүнө, д.б.у.с. чейин сакталып турган болушу керек. Аларды системалаштыра койсо эле кайсыл полктун кайсыл ротасы, взводу 1941-жылы 16-17-ноябрда кайсыл жерде турганына, тизмелерине, эмнелерди алганына, активдерине нелер катталганына чейин аныкталып калат. Бирок, биздин улуттук ар намысыбызга да залакасын тийгизип жаткан (айрым орус журналисттер андай баатырдык  кылуу орусча билишпеген, анын үстүнө орустарды жаман көргөн, караңгы кыргыздар менен казактардын колдорунан келмек эмес дешип ачык эле жазышууда) бул маселеге келгенде дымдары чыкпай калышты. Биздин тарыхчыларыбыз жасалма баатырларды, хандарды жана даткаларды көбөйткөндөн башкага келгенде эле жалдырап отуруп калышууда. Биздин мында архивдик материалдар аркылуу сөз козгогонго чамабыз жок, бирок маселенин саясый, коньюнктуралык жактары жөнүндө бир катар ойлорубузду ортого салгыбыз келет.

СССРдин ошол убактагы башкы Аскердик прокурору Н.Афанасьевдин тактама-корутундусуна толук укуктук документ катарында ишенүүгө болобу? Ал оъективдүү чындыкка негизделгенби же 1937-1938-жылдарда репрессияга учурагандардын көбүнө коюлган күнөөлөрдөй, 1940-жылдардын аягындагы «врачтардын иши», «Ленинграддыктардын иши», М. Зощенко менен А. Ахматовага, «Звезда», «Ленинград» журналдарына ж.б. коюлган айыптардай эле кандайдыр бир саясый тапшырыктарды орундатуу үчүн даярдалган документпи?

1946-жылдын жайынан тартып, ошол убактагы жогорку бийликтин Улуу Ата Мекендик согуштун легендарлуу полководеци Г.К. Жуковго карата мамилеси терс жагына кескин өзгөргөн. Ага анын кыялынын чорттугу, чет элдик ЖМКларга уруксатсыз интервьюларды бере бергени, согуштук көптөгөн  баалуу трофейлерди менчиктеп алганы, НКВДнын жетек¬чилери менен жаңжалдашканы сыяктуу ж.б. жагдайлар себеп болгон. Ага «мародёрлук  кылган, армиядагы партиялык уюмдар менен эсептешпейт, өзүн мактай берет, Бонопартизмге ыктайт, аскердик төңкөрүш жасагысы келет» деген сыяктуу айыптоолор коюлуп, адегенде кургактагы аскерлердин Башкы комадачылыгынан, анан партиянын БК мүчөлүгүнө кандидаттыктан бошотулуп, 1948-жылы январда Саясий бюродо маршал Жуков жөнүндө атайын маселе каралган.

1946-жылдын июнундагы Коргоо кеңешинин отурумуна катышкандардын эскерүүлөрүнө караганда, И. Сталиндин сөзүнөн кийин ал жердегилердин баардыгы «эми Жуковдун күнү бүттү, наамдарынын, сыйлыктарынын  баардыгынан ажыратылып, камакка алынат» деп калышкан экен. Коргоо кеңешинин отурумунда бронетанкалык аскерлердин маршалы П.С. Рыбалкодон башка бир да адам аны жактап сүйлөбөптүр. Жыйында И. Сталин Жуковду жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап сүйлөгөн менен каматтырбайт, адегенде Одесса аскердик округуна, анан ал жерден чет өлкөгө качып кетет дешкенде ички аскердик округдардын бирине  командачы кылып которот. Ошол убакта атайын кызматтар тарабынан Жуковдун чыныгы теги орус эмес, немец же грек экенинен тартып, кимдерди кызматтарынан негизсиз четтеткенине, Германиядан канча чемодан алтын сааттарды жана алтын-күмүш жасалгаларды, кандай баалуу терилерди, канча килем, канча сувенирдик жарак-жабдыктарды алып келгенине, кимдерди көтөрмөлөгөнүнө чейин тактамалар даярдалып, партиянын Борбордук Комитетине берилет.

Бул өңүттөн алганда, аскердик Башкы прокурордун 28 баатыр жөнүндөгү билдирүүсүн Жуковду биротоло бурчка такап, шайын кетирүү үчүн партиянын Борбордук Комитетинин тапшырыгын аткаруу үчүн даярдалган опуза документ катары караса болот. Анткени, Г.К.Жуков 1941-жылдын 8-октябрынан 1942-жылдын августуна чейин Москваны коргогон Батыш фронтунун командачысы же И.В.Панфиловдун түздөн түз жетекчиси болгон. А түгүл архивде Жуковдун өз колу менен жазылган «Бир кадам артка чегинсең ордуңда атыласың» деген мазмундагы И.В.Панфиловго берген эскертүү кагазы да сакталып калган.  Панфиловчуларды баатырдыкка сунуштаган документтерге сөзсүз ал кол койгон же макулдугун берген. Демек, И. Сталин Г.Жуковдун полководецтик, коммунисттик беделине шек келтире турган документ даярдаткан менен аны ачыкка чыгаруу жөнүндө ойлогон да эмес, кыялы терс маршал жоошуп калгандан кийин ал унутулган. Эми ал архивде кокусунан сакталып калган Ормон опузаны айрымдар айныксыз чындык катары көрсөтүүгө далалаттанышууда. Андай нерселер тарыхта толтура. Бир эле нерсени кыстарганда,1930-1959-жылдары репрессиялангандарга кандай гана айыптар коюлбаган! Анда аларды да чыңырган чындык катары эсептешибиз керекпи?

Тарыхый тактаманы саясый кырдаалдан кароо керек

Кандай тарыхый документ, маалымат болбосун аны ошол убактагы саясый, коомдук, психологиялык ж.б. процесстердин тутумдарынан алып кароо зарыл. Контексттен жулуп алып, өзүнчө караганда түшүнүксүз, бир жактуу болуп калат.

Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, Совет элинин өлбөс-өчпөс эрдигинин культтук даңазасына айланган 28 баатырдын эрдиктерин өз ыктыяры менен ревизиялап, аларга шек келтирүүгө аскердик Башкы прокурор түгүл, СССРдин генералдык прокурорунун өзү да даай алмак эмес. Антишсе, погондорунан ошол замат  айрылып, эң жакшы дегенде дачаларында, жаман жагына айланса, лагерде отуруп калышмак. Саясый Бюродон тымызын буйрутма болгондон улам гана ал опуза документ даярдалган, ошон үчүн аскердик Башкы прокурордун билдирүүсү НКВД, Коргоо министрлиги жана анын Башкы саясый башкармалыгы, Генералдык прокуратура, Жогорку Сот сыяктуу инстанциялардын баштарынан аттап өтүп, партиядагы, демек, өлкөдөгү экинчи адам болуп эсептелген А. Ждановго жазылган.

Орустарда «аңчылыктан кийинки жана согуш мезгилиндеги апыртуулар башка  эч жерде болбойт» деген маанидеги идиома бар. Мүмкүн, панфиловчулардын эрдиктеринде талкаланган 2-3 танкты, 5-6 замбиректи же минометту  кошуп жазып жиберүү болгондур. Ал жөнүндө да азыр ар кандай маалыматтар таркатылууда. Согуштагы апыртуулар көбүнчө элдин, жоокерлердин духтарын көтөрүү үчүн атайын чыгарылат, бирок атайын түзүмдөр аларды тымызын ылгап, иргеп турушат. Гитлердин Башкы штабындагылар деле  фронттордон келген маалыматтарды  атайын кызматтагылар, Би-Би-Си ырастагандан кийин гана  чындык катары эсептешчү экен. Бирок 1941-жылдын 16-17-ноябрында Волоколамск шоссесин, Дубосеков участогун И. Панфиловдун дивизиясына кирген батальондор, роталар тосуп турганы, алар немистик баскынчыларды өздөрү  кырылып калгыча Москвага өткөрүшпөгөнү эч ким талаша алгыс чындык.  Аларга андан башка жол да болгон эмес, чегингендерди ордунда атып салышкан.

Аскердик Башкы прокурордун өз аргументтерин ырастоо үчүн «Красная звезда» гезитинин В. Коротеев, Д. Ортенберг, А. Кривицкий сыяктуу кызматкерлеринин аскердик прокуратурага берген көрсөтмөлөрүнө таянуусу да толук ишенимди жаратпайт.  Анткени, саясий маятниктин кай жакка ооп  баратканын, демилге кай жактан чыгып жатканын түшүнгөн журналисттер партиянын Борбордук Комитетине жаккыдай гана көрсөтмө беришкен. Антишпесе, алар Кылмыш кодексинин «элди, мамлекетти алдаган, тарыхый чындыкты бурмалап, диверсия жасашкан» дегендей беренелеринин баарын моюндарына илип алышмак.

Бешинчи колоннадагылар эмнени мелжешүүдө?

Ошентип 28 баатырдын эрдиктеринин чындыгына доо кетирүүнүн ошол убактагы саясый себептери түшүнүктүү дейли, бирок эмне үчүн ал азыр кайра козголуп жатат?

Кеңири алкактан алганда, XX кылымдын экинчи жарымы мурдагы Союз, биринчи кезекте Россия үчүн глобалдуу утулуштардын мезгили болду. Аны волюнтарист, троцкист Н.С.Хрущев баштады. Ал XX съездде жеке адамга сыйынуунун кесепеттерин ашкерелейм деген шылтоо менен державанын өзөк тамырына балта урду. Өзү жетектеген мамлекетке ага окшоп өлчөөсүз чоң зыян келтиргендер тарыхта өтө эле сейрек.

Н.С. Хрущевдун баштагандарын бешинчи колоннадагылардын жардамында М. Горбачев менен А. Яковлев аягына чыгарышты. Алар өткөндүн саясый, мамлекеттик түзүлүштөрүн, саясый ишмерлерин боктоп бүтүшкөндөн кийин эми Совет элинин, биринчи кезекте Россиянын  XX кылымдагы эң чоң сыймыгы болгон – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишти ревизиялоого өтүштү. Алар азыр: Ленинградды 3 жыл блокадада калтырып, элди кыйнагандан көрө, шаарды багынтып берген оң болчу, советтик аскерлер фашисттерди эрдиги менен эмес, көптүгү, элди, жоокерлерди аябаган ырайымсыздыгы аркылуу жеңген, Москванын алдындагы, Сталинграддагы, Курскидеги салгылашуулардын көп жерлери апыртылган, жекече баатырдык кылгандардын көбүнүн шектендирерлик жактары бар. Зоя Космодемянскаянын, “Жаш гвардиянын” эрдиктери деле болгон эмес » дешип ачык эле жазышууда. Эгерде андай салгылашуулар, эрдиктер болбосо, деги анда немисттик баскынчыларды ким жеңген?-деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.

Панфиловчу 28 баатырга каршы багытталган кампанияны да ушулардын тутумунан кароо зарыл.  Же Россиядагы айрым  азыркы тарыхчыларга караганда (советтик дегенди да түшүндүрөт) мурдагы Союздун  жоокерлеринин согуштагы эрдиктерине Батыштын У. Черчилль, Э.Л. Манштейн, Г. Гудериан сыяктуу полководецтери калыс баар беришкендигин моюнга алуубуз керек.

У. Черчилль советтик системанын элдешкис душманы болгон, бүткүл өмүрүн социализмге каршы күрөшүүгө арнаган,  бирок И. Сталиндин кол башчылык, уюштуруучулук, дипломаттык талантына андан жогору баа берген саясый ишмерди табуу кыйын.  Мен Черчиллдин 6 томундай эле Манштейндин, Гудериандын эскерүүлөрүн көңүл коюп окуп чыкканмын,  алар советтик жоокерлердин эрдиктерин, чыдамкайлыктарын аябагандай жогору баалашкан.  Маселен, Манштейн «биз совет өкмөтүнүн уюш-туруучулук-мобилизациялоочу күчүн, советтик жоокерлердин он эки баштуу ажыдаардай, бир башы жулунса, ордуна он баш өсүп чыга берген тажаалдыгын, жанда жок өжөрдүгүн жана куулугун эске албаппыз» деген маанидеги көп нерселерди жазган. Башка да мындай мисалдар көп. Бирок, душмандар таанып,моюндарына алганга да карабастан айрымдардын  28 баатырдын эрдиктерин, ага окшош ж.б. окуяларды танып, экинчи дүйнөлүк согушту жыйынтыктарын өздөрүнө жаккандай кайра жазып чыгууга аракеттенгендерин бешинчи колоннадагылардын эми Россияны мээлеп, аны да СССРдей кыйратууга аракет жасай башташканы катары караса туура болот.

Бакай Чилтегин