- Табылды агай, 2021-жыл жеке сиз жана эл үчүн кандай жыл болду? Кайсы окуя эсиңизде калды?
- Бул жылы менин “Усуни кыргызы. Кыргызы на просторах Евразии” деген аталыштагы китебим чыкты. Мен көптөн бери кыргыздардын тарыхын усун, сан, хунну. Юэчжидердин келип чыгыш тарыхы менен бирге караган китеп жазсам жеп жүргөм. Кудай буюруса, ошол максаттарым быйыл ишке ашты. Китепте кыргыздар менен жогорудагы элдердин ар бири менен болгон мамилесин ачууга аракет кылдым. “Усундар кыргыздардын баласы”- деген пикирди бышыктоого аракет кылдым.
Эл үчүн 2021-жылы жаны бийлик келди. Бирок, анын бекемделиши созулуп кетти. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоолордон кийин бийлик турукташты го деп ойлойм. Менимче, президентке эми мыкты команда чогултууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк жана шарт түзүлдү.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити