- Артур агай, 2021-жыл кандай жыл болду? Кайсы окуялар эсиңизде калды?
- 2021-жыл кыргыз эли үчүн баардык жагынан өтө опурталдуу, сыноолору көп жыл болду. Президенттик шайлоо болду. Референдум болуп, Конституцияга көптөгөн өзгөртүүлөр кирди. Негизинен шайлоолорго бай жыл болду. Чоң шаарларда “утуп чыккан партиялар мыйзам бузуулар менен жеңишке жетти” деп шайлоолор жокко чыкты. Кайра Шаардык кеңештерге шайлоо болду. Анан парламенттик шайлоо болду. “Шайлоо таза өттү, админресурс колдонулган жок” дегенибиз менен БШКнын жыйынтыгын чыгарбай маалкатышы, добуштарды эсептеген аппараттын үзгүлтүккө учурашы, БШКда Түштүк Кореянын жарандарынын иштеп атканы шайлоодо шек санаткан жагдайларды жаратып койду. Парламенттик шайлоо мына ушундай “шоулар” менен коштолгону менен эсимде калды.
Бирок, шайлоолор кан төгүүлөргө салыштырмалуу жөнөкөй эле нерсе десек да болот. Анткени, 2021-жылдын апрель айларында өлкөбүздүн түштүк аймагындагы чек ара менен чектешкен жерде чоң трагедия болуп кетти. Бейкүнөө 36 жаран каза болду. Өкүнүчтүүсү бомбадан улан-кыздарыбыз каза болуп, миңдеген үйлөр таланып, тонолуп, өрттөлүп, мал-мүлктөрү баскынга алынды. Учурунда саясий да, юридикалык да, укуктук да баа берилген жок. Бирок, жылдарын өтүшү менен бул окуяларга да баа берилиши мүмкүн экенин тарых тастыктап жатат.
- Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө 2010-жылы болгон Ош коогалаңы боюнча кылмыш иши козголгону туура элеби?
- 2010-жылдагы июнь айында Ош, Жалал-Абад облусунда эки улуттун ортосунда улуттар аралык жаңжал чыгып, көптөгөн адамдар каза болуп, үйлөр өрттөлгөн. Кечээ мына ушул окуя боюнча иш козголуп, ал жаңжалга тиешеси бар же ошол мезгилде жогорку деңгээлдеги кызматта иштеген адамдардын суралып жатканы кандуу окуяга укуктук жана тарыхый баа берүү боюнча жасалып жаткан кадамдар десек туура болот.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити