- Каныбек агай, 2010-жылдагы кандуу коогалаң боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталыптыр. Кеңешбек Дүйшөбаев, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асановдор сурак берип чыгышыптыр. Бирок, эл арасында “бул маселеге кайрылыштын кажети жок эле, жашоону жаңы барактан баштасак болмок” деген пикирдегилер да бар. Эми Убактылуу Өкмөттүн кылмыш иши козголгон мүчөлөрү абалды оорлотуп, стабилдүүлүккө шек келтирип жибербейби?

- Расмий бийликтин 2010-жылда орун алган Апрель жана айрыкча, Июнь коогалаңдары боюнча кайрадан кылмыш ишин козгогону эң туура кадам. Кантсе дагы эбегейсиз көп сандагы жарандарыбыздын кандары бейкүнөө эле төгүлбөдүбү!? Ага жооптуу ким? Негизги максаттары эмне болгон? Бул кызматка мас болгон адамдардын жөнөкөй эле шалаакылыктарыбы же максаттуу бир кылмыш иштерине барыштыбы? Башкы суроо ушунда турат! Анын үстүнө азыркы бийлик ошол коогалаңдар боюнча акыйкат чечимдерди чыгарып беребиз дешип бир нече жолу элге убадаларды айтышкан. Бул эртеби-кечпи баары бир көтөрүлө турган маселе. Айыпсыз адамдардын кандары баары бир коё бербейт. Бул сапар каралбай калса, келечекте жогорку суроолорду чечүү үчүн болгон аракеттер улам-улам көтөрүлө берет. Ошондуктан прогрессивдүү көз караштагы кыргыз жарандары бийликтин чечкиндүү кадамдарын колдой башташты. Убактылуу Өкмөттүн канчалык күнөөсү бар экендигин адилет тергөө менен аныктап койгондун эмнеси жаман? Биринчи кезекте ошол эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү үчүн керек болгону турбайбы?  Жашоону жаңы барактан башташ үчүн өткөн ишти сөзсүз териштирип алуу керек. Болбосо, “ушундай деле кайталанса боло берет экен” деген жоопкерсиздик суроолор чыга берет. Кандуу окуялар жазыксыз калса, ал сөзсүз кайталанат! Албетте, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү буга каршы туруп жатышат. Бирок, менимче, алардын арасында акыйкат тергөөлөр аркылуу тарых алдында акталып алуу ниеттери бар адамдар дагы бар чыгаар, капырай. Кантип эле аёсуз жана бейкүнөө төгүлгөн кандарды карайлатып туруп жаап салабыз деген ой менен эле жашап калышсын?! Эл ага жол бербейт.

- 2010-жылдагы кандуу окуя боюнча кылмыш ишин козгоо Убактылуу Өкмөттүн оозун жабуу аракетиби же бийликтин эл алдындагы убадасын аткаруубу?

- 2010-жылы эки чоң трагедияда орун алып, карапайым элдин уул-кыздарынын каны төгүлдү. Ал алаамат Убактылуу Өкмөттүн  ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштуу. Жаңы бийлик мунун моралдык жагына жооп берет. Анткени, бир жыл бою убадалар айтылып келди. Болгону чечкиндүү аракеттер гана орун алуусу абзел. Тергөө жана сот иштери акыйкаттык аркылүү гана калың журттун кайгысын бир аз болсо дагы жеңилдете алат! Башка жол жок.

- Айрым аналитиктер: “шайлоонун жыйынтыгы чыга электе, депутаттарга мандаттар бериле электе бул ишке кийлигишпей туруш керек эле. Эми Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен шайлоодо ийгиликке жетпей калган партиялар бийликке сокку кылуу аракетин жасашат”- деген пикирлерин кыйытышууда. Чындап эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен өтпөй калган партиялар биригип кетиши ыктымалбы?

- Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялабай БШК ушул мамлекеттик маанилүү ишти ченемсиз эле маалкатып туруп алды да. Мыйзам боюнча каралган мөөнөтү деле өтүп кетти. Айрым талаш-тартышууларды кийин деле карай берсе болот эле го? Ага мыйзам деле жол берет. Сот деген бар. Бир эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү эмес, башка саясий күчтөр деле биригип жатышпайбы? Расмий ишке кирген парламент, тескерисинче, абалды стабилдештирүүгө кол кабыш кылат эле го? Ушундай арабөк абалдан пайдаланып, нааразы болгон кээ бир кандидаттар менен партияларга шыкак берип коюшту. Мындайда чечкиндүү кадамдарга эле баруу керек болчу. Убакыт азыр расмий бийликке каршы иштей баштады. Азыр ар бир минута алтын менен барабар. Баарыбыздын алдыбызда өлкөнүн экономикасын оңдоп кетүү талабы турат.

- Каныбек агай, Кыргызстандын демилгеси менен 16-декабрда БУУ 2022-жылды  “Эл аралык тоолор жылы”-деп жарыялады. Муну дүйнөлүк коомчулук президенттин демилгесин колдоого алып жатат деп түшүнсөк болобу?

- Кечээ эки чоң жана кубанычтуу жаңылык болду. Биринчиси, “Көчмөндөр оюндары” ЮНЕСКО аркылуу кыргыз элинин мурастуу байлыгы деп табылды. Бул биз үчүн эң сонун жетишкендик! Өзү ЮНЕСКО уюму БУУнун эң маанилүү жана консервативдүү институту. Ал жердеги ар бир чечим укмуш зор аргументтердин жыйынтыктары боюнча гана кабыл алынат. Лобби маселе аларга өтпөйт. Бул жеңишти биздин дипломаттар камсыз кыла алышты деп айтаар элем! Аларга чоң рахмат! 
Ал эми, экинчиден, БУУ тарабынан 2022-жыл “Эл аралык тоолор жылы” деп табылышына Кыргызстандын түздөн-түз тиешеси жана демилгеси бар. Президент Садыр Жапаров муну БУУнун онлайн конференциясында өз убагында жана эң туура көтөргөн. Биз ушул маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө авангарддык позицияда болуп өз колубузга алуубуз абзел. Анын үстүнө БУУ 2022-жылды "Фундаменталдык илимдер жылы" деп дагы жарыялады. Ушул эки окуяны айкалыштырган дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө Кыргызстандын чамасы жетет. Бизде андай тажрыйба 2002-жылы Тоо жылын ийгиликтүү уюштурууда эле калыптанып калган. Болгону расмий бийлик бул үчүн өлкөдөгү чыныгы жаратман инсандарды өзүнө тартып иштетүүсү максатка ылайыктуу болуп турат!

Булак: "МАЙДАН.kg" гезити