Ушул жумада Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке келип, УКМКда сурак бергенден кийин кайра Москвага учуп кетти. 
Бул тууралуу маалыматты анын санаалашы Бекболот Талгарбеков билдирди. Сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн.
“Аскар Акаевге кылмыш иши козголгон эмес, болгону териштирүү жүргөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө “Кумтөрдөн” бир тыйын жебегени жана “Центеррада” бир дагы акциясы жок экени тастыкталды. Сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө “Центтерра” сатып алган үч башка кендин активи 5% төмөн бааланып калганы белгилүү болду. Аскар Акаев ошону жакшылап карап койбогону үчүн элден кечирим сурады”,- деди Талгарбеков. 
Өлкөнүн азыркы бийлиги “Кумтөр” алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгонун буга чейин маалымдаган болчу. 
Акаевге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган. 
Ал эми мындан эки жума мурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн элчилери менен эл аралык каржы уюмдарынын жетекчилери менен жолугушканда: “Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, “Кумтөрдөгү” талап-тоноодон тырмакчанын ичиндеги үлүшүн алып келген деп айтсам мен жаңылышпайм да, ошол эле учурда чоң ачылыш да жасаган болбойм”,- деген болчу. Эми А.Акаевдин өзүнүн бийлиги тушунда келип, бүтүндөй элибиз менен мамлекетибиздин трагедиясына айланган кенден бир цент да үлүш албагандыгы тууралуу маалыматка ишенсе болобу?


Булак: "МАЙДАН.kg" гезити