“Той да болду, тойдун эртеси да болду”,- демекчи, 28-ноябрда болуп өткөн Парламентке шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң коомубузда бир топ ыраазычылыктар менен нааразычылык сөздөр айтылууда. Алардын ичинен эң эле сенсация жаратканы “Альянс” партиясынан алдыңкы орундардын бирин алып, ана-мына депутат болом деп турган Жанарбек Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча айымдын депутат боло тургандыгы күтүлбөгөн жагдай болду.
БШКнын гендердик квота менен шайлоодо уткан партиялардын 30% оруну аялдарга берилери тууралуу чукул чечими мурдагы эрежеге окшошпой калгандыгы да өйдө-төмөн сөздөрдү пайда кылды. Ал арада Ж.Акаев парламентте бул буйрук БШКга жогор жактын кысымы менен берилгендигин айтып чыкты.
Ал эми буга чейин эле Кыргызстанга Кытайдан жакында келип, бизнеси ийгиликтүү жүрүп жаткан Токтобүбү Оргалча тууралуу түрдүү күдүк сөздөр айтылып жүрсө, бул окуядан кийин “Кытайдын шпиону, уйгур...”,- деген жарлыктар тагыла баштады.
Ошондуктан Токтобүбү Оргалча өзү тууралуу тараган маалыматтарга комментарий берип, видеокайрылуу жасады.
“Мени уйгур, кытай, жада калса тыңчы деп чыгышты. Бул туура эмес. Мен Ат-Башыдан чыккан Черик уруусунун нукура кызымын. 1916-жылы Үркүн учурунда чоң атамдар Кытайга качышкан. Таятам Ат-Башынын Талды-Суу деген айылынан. Чериктерди билбесеңер, Манасчы Жүсүп Мамай да ушул уруудан экенин эскертип коеюн. Мен ошолордун небереси болом”,- деди Оргалча.
Ошондой эле ал Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин дароо кытай жарандыгынан баш тарткандыгын кошумчалады.
“Биринчи айым менен дос деп маалымат таратышыптыр. Айгүл Жапарованы өмүрүмдө жанынан көгөн эмесмин. Мен аны кээде сыналгыдан гана көрөм. Алардын туугандарын да тааныбайм.
Мен үчүн Жанар Акаев өз инимдей. Ал мени шайлоодо колдоду. Үгүт иштеринде Кадамжайга чейин чогуу аймактарды кыдырдык. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай түшүнбөстүк жок. Кудайдын буйругу менен ушундай чечилип калды. Мыйзам боюнча, аялдардын квотасы менен мен келип калдым. Эч кимге өтпөй калдым деп арызданган эмесмин. Штабга да эч качан барган эмесмин”,- деди Оргалча.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити