Печать
Категория: Коом
Просмотров: 114

Жеке менчик жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын көп жылдык жана өжөрлүк менен талап кылуусунан улам быйыл, ноябрь айынан баштап борбор калаада жол кире муниципиалдык автобус, троллейбустарда мурдагы 8 сомдон 11 сомго, ал эми менчик кичи автобустарда 10 сомдон 15 сомго көтөрүлгөн. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ары карап ыйлап, бери карап күлүп, ушундай чечим кабыл алууга мажбур болушкан. Бир чети аларды да түшүнсө болот. Себеби күйүүчү, майлоочу майлардан тартып, тектиктерге чейин кымбаттап, алар ижарага алып иштеткен акысы да жогорулады. 
Бишкектик айдоочулардын талабы аткарылган соң, Ош, Жалал-Абад шаарларынын айдоочулары да жол кирени көтөрүү талабын коюшуп, алардын да айтканы аткарылды. Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаттары мектеп окуучуларына муниципалдык жана жеке менчик транспортторго жол кирени 5 сом бойдон калтыруу чечимин чыгарышкан. Оштук депутаттардын мындай кадамы коомчулук тарабынан колдоо таап, Бишкекте да мектеп окуучулары үчүн жол кирени 5 сомго түшүрүү талабы улам көп айтылууда. Анткени айрым үй-бүлөлөрдө 3-4 бала мектепте окугандыктан жана алардын көпчүлүгү шаардын чет жакасындагы конуштардан борбордогу мектептер менен ар кандай кружок, ийримдерге келип билим алышкандыктан, сыртынан майда маселе көрүнгөн менен жол кире көйгөйү ата-энеси эч жерде иштебеген окуучуларга кыйынчылыктарды жаратып, бир нече чакырымды жөө баскан учурлар да кездешүүдө.
Мектеп окуучуларынын мына ушул шаардык кеңештин депутаттарына жетпеген көйгөйү Жогорку Кеңештин депутаттарына жетип, алар 20-декабрда борбор калаада мектеп окуучуларына коомдук транспортто жүрүү акысын арзандатуу маселесин талкуулашты. 
“Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларына жол кирени арзандатып, 10 сомдон кылып койбойлубу?”,- деп Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев комитет жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозовго суроо берди. 
Вице-мэр Орозов, “тарифтерди бекитүү боюнча жаңы сунуштарды карап жатабыз. Балким, студенттер менен мектеп окуучуларына 10 сомдон болуп калышы мүмкүн”- деп жооп берди. 
Ал ортодо Маматалиев жалпы депутаттарга кайрылып, “мэрияга тапшырма катары берели, мектеп окуучулар менен студенттерге жол кирени 10 сомдон кылып коюшсун”,- деди. 
Депутат Эмил Токтошев да бул демилгени колдоп, “башка мамлекеттерде мектеп окуучуларын керек болсо бекер ташышат, 5 сомго түшүрүш керек, акча табышсын да”, – деди. 
Анда мурунку, эски 8 сом тарифинде калсын деген тапшырманы берели да, чечимге жазып коёлу дешти депутаттар. Эми шаар бийлиги ЖК депутаттарынын бул сунушун аткарар бекен?

Булак: "МАЙДАН.kg" гезити