Кыргызстан тоолуу жана ошол тоолордон шаркырап аккан чоң, кичине дарыялары көп өлкө болгон менен ушул табият тартуулаган байлыкты пайдалана албай келебиз. Мисалы, азыркы учурда дүйнө эли таза сууга бензинден да көбүрөөк муктаж болуп жаткан учурда мөңгүдөн ээрип түшкөн сууларыбызды сатып деле байысак болмок. Мындан тышкары ал дарыялардын боюна кичи ГЭСтерди куруп, учурдагы электр электр энергиясына болгон муктаждыгыбызды да камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар.
Учурда эң алыскы Лейлек районунун Катраң айыл аймагында Козу-Баглан дарыясынын жээгинде, ички инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулууда. Жалпы сметалык баасы 7 миллион АКШ долларын түзөт.
Учурда биринчи этаптагы иштер 80 пайызга аяктады. Чакан ГЭС курулуп бүтсө айылдагы бир топ социалдык маселелер чечилип, айыл тургундары жаңы жумуш орундары менен камсыз болушат. Экинчи этабындагы иштер 2022-жылы кыска убакытта бүткөрүлөрү пландалууда. Көрсө, чет элдик инвесторлорду эле күтүп, байлыгыбыз менен капиталыбыздын жарымын алар менен бөлүшпөй эле, ички мүмкүнчүлүктөрдү да пайдаланып, ички ишкерлердин акчасы менен кичи ГЭС жана башка ишканаларды курсак болот тура. Эгер Катраң айылындагы бул чакан ГЭС кыска аралыкта курулуп бүтүп, жок дегенде үч миңге жакын адам жашаган айылдын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыз кылса, 30 жылдан бери көкөйүбүзгө көк таштай тийген жумушсуздук көйгөйү да жоюлуп, электр энергиясы менен иштей турган цех жана башка элдин менчик ишканалары да жанданмак.


Булак: "МАЙДАН.kg" гезити