Ал “Ала-Тоо 24” телеканалына коронавирустун жаңы штаммынын коркунучу тууралуу комментарий берген. Анда министрдин көзү көк ала болуп жүргөнүн көрүүгө болот.
Бирок министрдин көзүнүн көгөргөн видеосу жарыялангандан кийин “Ала-Тоо 24” каналында анын катышуусундагы видео өчүрүлүп, андан кийин жаңысы жүктөлгөн. Бирок анда Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусундагы кадр алынган. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги же министр өзү эч кандай комментарий бере элек.
Кандай болгон учурда да бүтүндөй бир мамлекеттин килейген Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчисинин көзү көгөргөн абалда жүрүшү коомчулукта ар кандай имиштерди жаратууда. Азырынча министр кимдир-бирөөлөр менен мушташкандыгы же сабалгандыгы тууралуу маалымат айтыла элек.
Деги эле А.Бейшеналиев министр болгондон бери артынан ызы-чуу токтобой койду. Былтыр күзүндө кадимки уулуу өсүмдүк болуп эсептелген алтын тамырдан коронавирусту дарылай турган аконит суусундугун ойлоп таап, аны журналисттердин көзүнчө өзү “эксперимент” кылып ичип, дүйнөгө шерменде болгон эле. Сыягы, анын артынан аконит ичкен айрым адамдар аркы дүйнөгө узап кетишти окшойт. Себеби окумуштуулар алтын тамыр уулуу зат экендигин, ал тургай мал жандыктар да чөбүн жегенде өлүп каларын далилдеп беришкен. Ошондон кийин ал бул катачылыгын моюнга албаса да, токтотуп, унутулуп бараткандай болгон.
Андан кийин өткөн жумада эле Улуттук кардиология борборунун директорун кызматтан алгандыгы медиктер арасында чоң нааразычылыкты жаратып, аталган жамааттын 700 кызматкеринин жарымынан көбү каршы чыгып, министр катышкан жыйында “көчөдөн келген министр” деген сөздөрдү айтышып, көргөндөр ошол жерден качып чыкты дешет.
Эми минтип көзү көгөргөн абалда телевизорго чыгышы баарыбызды таң калтырууда.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити