Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев Акүйдүн 7-кабатындагы кабинетте отурчу. Ал кабинет ага парламенттин имаратын оңдоого демөөрчүлүк кылганы үчүн берилгенин спикер Талант Мамытов айтты. Депутат Исхак Масалиев эмне себептен катардагы депутат спикер ээлеген кабинетке отуруп калганына кызыкты. 

"Октябрь окуяларынан кийин ишке чыкканыбызда, бир дагы бүтүн терезе, бүтүн кабинет жок болчу. Ким демөөрчү боло алаарын сураганыбызда, Камчыбек Жолдошбаев 1 миллион сом которду. Ошондуктан, ага эң жакшы кабинетти сунуш кылганбыз", - деди Мамытов.