Бүгүн Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы биринчи жыйынга чогулушту. Кактус медиа жаңы депутаттар ар кайсы темада пикирин сураган. 

Депутат Дастан Бекешев мурунку кабинетинен көчүп, бир топ жупунураак кабинет алганын айтты. "7-кабатта кенен кабинеттер бар, көбүнчө ошолор талашка түшөт. Кабинет үчүн урушуп эмне кереги бар", - деген депутат. 

Депутат Балбак Түлөбаев антты жаттабаганын, окуп эле койгонун билдирди. Ал 2-кабаттагы кабинетте отураары айтылды. 

Депутат Эрулан Көкүлов жөө келди жана автоунаага анчалык муктаждыгы жок экенин айтты. "Менин машинам бар, бирок ал "Не сахар" үчүн керек", - деди.