«Кумтөр Голд Компани» ишканасы алтынды ачык карьерден жер алдынан өндүрүүгө өткөрүү долбоорун шке киргизди. Белгилей кетсек, канадалыктар 2008-2012-жылдары аталган долбоорду ишке ашырышмак болушкан. Ага 180 млн. доллар да жумшалган. Бирок кийинчерээк долбоорду ишке ашыруу токтотулган.
Кумтөр кенинин бүгүнкү жетекчилери белгилешкендей, алтынды жер алдынан өндүрүү экологиялык да, экономикалык да жактан пайдалуу. Буга чейин "Кумтөрдө" курамында алтын бар 1 тонна руданы алуу үчүн 41-60 тонна бош порода казылып алынчу, бул жагынан Кумтөр дүйнөдө 1-орунда турган эле. Маселен, «Центерра Голд» ишканасы Канада менен Түркияда алтынды жер алдынан өндүрүшөт, себеби, бул өлкөлөрдөгү экологиялык талаптар жер үстүнөн алтын өндүрүүгө жол бербейт.
Эми "Кумтөрдө" да курамында алтыны бар руда жер астынан казылып алына баштайт. Бул бир жагынан алтын өндүрүүгө кеткен каражатты кыйла үнөмдөсө, экинчи жагынан мөңгүлөргө зыянын тийгизбейт.