Калыстык үчүн айталы, мамлекет жетекчилиги тарабынан элибиздин, өлкөбүздүн коопсузугуна өзгөчө көңүл бурулууда. Буга дейре чек арадагы коопсуздуктарды камсыз кылуу үчүн «Байрактар» учкучсуз учуучу аппаратын сатып алган болсок, эми чек араларды кайтаруу, ал жерде жашаган жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга бюджеттен кошумча 4,5 млрд. сом бөлүндү.
Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Жапаров жыл жыйынтыгын чыгарган өкмөттүн жыйынында ички коопсуздукту камсыз кылууга 1,1 млрд. сом, чек аралардагы коопсуздук үчүн 4,5 млрд. сом кошумча бөлүнгөнүн билдирди. Элинин тынчтыгын, мамлекетинин бүтүндүгүн ойлогон өлкөлөрдө коргонуу, коопсуздук үчүн оңбогондой суммалар жумшалат. Анткени, мамлекетте ички, сырткы коопсуздук камсыз кылынып, тынчтык, туруктуулук орун алганда гана экономикалык өсүп-өнүгүү болору бышык. Андыктан коопсуздук маселелери өлкө башчыларынын көңүл чордонунда болуп жаткандыгы кубандырбай койбойт.