Бишкектин Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасы бузула баштады. Анын ордуна эмне курулары да маалым болду. Расмий эмес маалыматтарга ишенсек, өлкө башчысы өзүнүн аппараты менен отурчу имарат курулары айтылууда. Ал кандай аталары азырынча белгисиз.

Буга байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, жазылууда. Кээ бирлери туура көрсө, айрымдары тарыхый баалуулугу бар имараттын бузулуп жатканына каршы болуп жатышат. Бирок биздин оюбузча, аталган мейманкананын бузулуусунан саясат жасоонун кажети жок. Имарат көптөн бери иштебей турган, аны иштетүүгө болгон аракеттерден да эч кандай майнап чыккан эмес. Анын үстүнө курулуштун  архитектуралык, тарыхый баалуулугу бар деп айтууга деле болбойт. Кайсы бир курулуш үчүн эскилиги жеткен, пайдаланылбай калган имаратты буздуруп, анын ордуна башка курулуш жүргүзүү нормалдуу  эле  көрүнүш. Адистердин айтымында, имарат өтө эскиргендиктен, аны ремонттоп, жаңылоого эле  жаңы имаратты курууга керектүү каражат сарпталат экен.

Эгерде курулуш иши мамбюджетке күч келтирбесе, ал жерге улуттук баалуулуктарды өзүнө  камтыган  кооз, өлкөнүн, шаардын символу, жүзү болор имарат курулса, неге болбосун?