Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын биринчи сессиясы башталды. Алгач БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутаттарга төш белги такты, андан кийин алар ант беришти. 

Мандатты биринчилерден болуп парламенттин бул чакырылышынын эң улуу депутаты Шарапаткан Мажитова ("Ынтымак") алды. Ал жаңы спикер дайындалмайынча, жыйындарды алып барып турат. 

Жаңы депутаттар толкунданышып, айрымдары айтар сөзүн да унутуп калышты. Кээ бири ант берүү текстин түзүктөп окуй алган жок. Ал эми Адахан Мадумаров Конституцияга колун койгонду унутуп калып, ант берүүсүн баштагандан кийин гана эсине келди. Жаш депутат Орозайым Нарматова шашканынан текстти эки жолу кайталап жиберди. 

Жогорку Кеңешке 6 партия жана бир мандаттуу округдардын 34 жеңүүчүсү келди.