Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

Кечээ, 28-декабрда Алтынбек Жумабаев президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Анын бири - ФБ колдонуучусу Рита Борбукеева мындай деп жазды:

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

- А.Жумаев деген А.Ш.Атамбаев учурунда А.Шаршеновичтин жеке каражатынан 7- каналга бардык техника, каражаттарды алып турган, айлык акылары жогору болгон. 7- каналды Апрель фондусуна каттатып. Кийин Атамбаев кызматтан түшөөр менен аларды сатып кеткен принциби жок неме.

Бир аялга жалган көрсөтмө бердирип, каналды талашып 3 жылдан бери соттошуп жүрөт болсо керек.

Алтынбек Жумаев деген А.Ш.Атамбаев кайра КСДПга 2018- жылы лидер болуп шайланганда, саясый кеңештин мүчөсү болгон.

Бирок 7- августта Кой- Ташта, бийликтин куралдуу тобу мыкаачылык менен басып алганда, 7- канал- дароо жылт койгон.

Ошондо эле, бул шылуун Атамбаевге каршы иштеп, ага чейин ал киши жанында калп эле "разведкада" жүргөн экен да дегенбиз.

Кыскасы, Президент Садырдын жанына Ташиевдин дагы бир кишиси келиптир.

Булар - туруктуу болчу эмес эле...