Ошентип, көптөн бери күтүп жаткан учкучу жок учуучу “Байрактар” аппараты өлкөбүзгө алынып келинди. Эми инструктор биздин аскер кызматкерлерине аппаратты башкарууну, пайдаланууну жогорку деңгээлде үйрөтүшү керек. 

Айрымдар “Байрактарга” ээ болорубуз менен Тажикстан менен согуштук абалга өтөөрүбүздөй ойлоп атышат. Жок, анын бетин ары кылсын! “Байрактар” Кыргызстан үчүн эң ириде  тынчтыкты камсыз кылуу үчүн керек. 
Биздин мында айтайын дегенибиз, “Байрактар” кыр көрсөтүүнүн, согуштук аракеттерди баштоонун эмес, орустар айтмакчы, Тажикстандын бийлигине карата “сдерживающий фактордун” ролун аткарышы керек. Эмне үчүн Тажикстанга карата деп айтып жатабыз? Себеби, чек ара аймагындагы чыр-чатак, тирешүүлөрдүн баарын кошуналар баштап келишкен. Бизде учкучу жок, заманбап аскердик куралдын болуусу кошуналарды эске келтирип, тизгиндеп турушу зарыл. Бул эми ядролук куралы бар бир өлкө башка ядролук мамлекетке тийише, кыр көрсөтө албагандай эле кеп. “Байрактарга” ээ болуу менен эки өлкөнүн ортосунда тынчтык орун алат деп ишенели. 

Булак: "МАЙДАН.kg" гезити