Тышкы карыздардан кутулуу көйгөйү көп жылдардан бери кокуйлатып келет. Жылына сырткы карыздарды жабууга миллиарддаган сомдор жумшалууда. 2022-жылы тышкы карыздардан кутулууга  өлкө бюджетинен 26,6 млрд. сом каралат. Бул маалыматты финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. 

Министр маалымдагандай, республикалык бюджеттин жаңы долбоорунун негизинде аркы жылдарга канча каражат сарпталары да белгилүү. Тышкы карызга 2023-жылга 34 млрд. бөлүү пландалып атса, 2024-жылга 38,8 млрд. сом каралмакчы. 
Ал эми 2020-жылдын бюджетинин жалпы чыгашасы 212 млрд. 685 млн. сом болору  пландалууда. Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келерки жылдын бюджети 400 млрд. сомдун тегерегинде болорун айтып, айрымдар анын реалдуу экенин айтышса, коомчулуктун бир бөлүгү  Жапаровдун андай билдирүүсүнө ишеним артышкан эмес. 


Булак: "МАЙДАН.kg" гезити