- Өтүп бараткан 2021-жыл сиз үчүн кандай жыл болду? Айрымдар үчүн сыноосу көп, кээ бирөөлөр үчүн ооматтуу жыл болуптур... 

- 2021-жыл элибиз үчүн сыноолору көп бирок, жакшы жыл болду деп ойлойм. Буюрса, мамлекетибизде бурулуш жылы болду. Конституция алмашты. Система өзгөрдү. Көп болбосо дагы бир кадам алдыга жылдык. Мамлекетибизде чиеленген маселелерди чечүүнүн аракети зор болгон, чек араны тактоого мамлекет батыл киришкен жыл болду. Чек арадагы кандуу окуяларды эске албаганда жаман жыл болгон жок. 
Өтүп бараткан жыл буйруса мен үчүн да жакшылыктарга бай, акжолтой жакшы жыл болду. Тагыраагы, 2021-жыл шайлоолорго бай жыл болуп, элдин элегине бир эмес, эки жолу түштүм. Кудайдын көзү түз экен, экөөндө тең  ийгиликке жетиштим. Болгону, шаардык кеңештеги шайлоо жокко чыгып калды. 

- Бийлик кандай иштеп жатат? 

- Бийлик болгон аракетин жумшап, жакшы эле иштеп жатат. Мен азыр сындап, бийликке доомат койгондон алысмын. Анткени, сын айтууга азыр эртерээк. Кичине ишинен жыйынтык чыгарганга убакыт берели. 

- Айтмакчы, бул жыл эмнеси менен эсиңизде калды?

- Быйыл балачагым өткөн жайлоого бардым. Баарынан кызыгы, 32 жыл мурун ташка жазган атымды көрдүм. Балалыгымды жайлоодо өткөн теңдеши жок күндөрүмдү эстедим. Кыскасы, балалыгыма барып келгендей болдум.


Булак: "МАЙДАН.kg" гезити