- Турсунбай агай, өтүп бараткан жыл кандай жыл болду?
- Чоң үмүт жараткан жана өзгөрүүлөрдү күтүү жылы болду. Үмүттөр канчалык деңгээлде ишке ашырат деп быйыл шайланган жаңы ажону, өкмөт башчыны жана, депутаттарды күтөлү.
- Кайсыл окуя эсиңизде калды?
- Эл аралык аренада: Ооганстандан Американын качып кетиши жана “Талибандын” бийликке келүүсү, аны менен биздин ажобуздун алака түзүшү. Кыргызстанда: парламенттик шайлоодо преференциалдык системанын ишке кириши эсте калды. Айтайын дегеним, эгер ушул системаны туура колдонсок, анда Жогорку Кеңештин сапаттык курамы эл эңсеп жүргөн тарапка өзгөрүлөт жана келечекте коңшу өлкөлөр да ушул шайлоо системага өтүшсө болот.
- Бийликтин аракеттери колдоого татыйбы?
- Он айда көп жакшы иштер аткарылды. Эми калган иштерге да убакыт берели.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити