“Күбүр, күбүр кеп уктум...” деп илгери бирөө айткандай, саясый күбүр-шыбырларга караганда, жаңы шайланган парламенттин спикерлиги үчүн аябагандай катуу күрөш жүрүп жатыптыр. Адатта спикерлик көпчүлүк добушка ээ болгон партиянын фракциясына берилет, бул дүйнөлүк практика. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо парттизмеде “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү көпчүлүк добушка ээ болушкан. Алар парттизме аркылуу 15 мандатка ээ болушса, бир мандаттуу округдардан келгендери ондон ашып, отузга чамалашкан.
Бул фракциядагылар Аксыдан депутат болуп келген, эски “ата-журтчу” Нурланбек Шакиевди спикерликке таптап жатышканы айтылып келет. Деген менен, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесинде депутат болгон Бакыт Төрөбаевдин да спикер болуу шансы бар болчу. Бирок, Бакыт Эргешовичке парламентте фракцияны жетектөө иши жүктөлгөнүнө караганда, спикерликке анча деле умтулуу ою жок.
“Сен дагы сүйдүң Айнашты, мен дагы сүйдүм Айнашты” дегендей, булардан тышкары, ызы-чуу менен араң мандатка жеткен Талант Мамытов да тарапташтарын көбөйтүп, спикерлик креслону ээлегиси келип жатыптыр. Аны ажонун тегереги түртүп жатканы да тар чөйрөдө талкууга алынууда.
Ошол эле кезде “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары дагы уктап жаткан жок. Алар да өз ара кеңеш куруп, спикерликке бирдиктүү талапкер жылдыруу аракетин көрүп жатканы айтылууда. Угушубузда, алар Адахан Мадумаровду алып чыгышат.
Ошентип, бир сөз менен кыскартып айтканда, парламенттик шайлоодон да спикерликти шайлоо айыгышкан атаандаштыкта, күрөштө өтөт окшоп калды. Бул эмнени айкындайт?
Логикага ылайык, спикерликтин тагдырын парламентте көпчүлүк мандат алган фракциянын мүчөлөрү чечиши керек эле. Спикерди шайлоого алардын добуштары жетпейт, башка 2-3 фракция, бир мандаттуулар менен тандем түзүшсө, Нурлан Шакиевди оңой эле шайлап коюшмак. Бирок, ага мамлекет башчынын ак батасы жетпей жатабы? Айрым булактар, спикерлик кызматтын тагдырын чечүүдө “эки достун” ортосунда кайчы пикир, каршылаштык жаралгандыгын каңкуулап жатышат. Канчалык туура маалымат, белгисиз.
Бирок, “эгин эккенде дос элек, бирок кырман сапырганга келгенде ал достугубуз кайда калды” дегендей, таасирдүү кызматты өзүнө жаккандан башкага ыраа көргүсү келбеген сугалактык, кызганыч экөөндө жок экенине ишенип туралы!
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити