Жаңы жыл майрамына байланыштуу 2022-жылдын 1-январынан 3-январына чейин кыргыз-кытай чек арасынын «Торугарт – автожол» жана «Эркечтам – автожол» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Демилгени Кытай тарап көтөргөн.

Айтылган күндөрдө унаалар жана жүк өткөрүлбөйт.

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, көзөмөл-өткөрүү пункттары 4-январдан тарта атайын алгоритмге ылайык ишин улантат.

Булак: Маралфм