«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына «Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 22, 9 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алат. Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу Министралер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бала-Саруу» ГЭС курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт. Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат.

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Булак: Баракелде