БШКнын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна УКМКдан №21 Талас шайлоо округунда көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер Бакытбек Чойбеков тараптан добуш сатып алуу тууралуу арыз боюнча маалымат түшкөн.
Такталгандай, мындан сырткары, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн өндүрүшүндө Талас шаардык кеңешинин вице-спикери тараптан талапкер Бакытбек Чойбековдун пайдасына добуш сатып алуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки материалдар да бар.
Тергөө жүрүп жатат.
Булак: vb.kg