Бишкектин эски аянтында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жана башка жетекчилер катышты.

Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти.

“Өздүк курамга жана техникага кароо жүргүзүлдү. Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин базасында түзүлгөн туристтик-экологиялык милиция жана Бишкектеги аймактык тескөөчүлөрдүн жаңы образы жана ишмердиги менен таанышуу болду. Саптык кароодо өздүк курамдын көңүлү кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга сылык мамиле жасоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга, кызматтык тартипти чыңдоого бурулду”, — деп жазылган маалыматта.

28-декабрдан 1-январга чейин ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады.

PS: Улан Ниязбеков ИИМ башчылыгына келгени бул тармакта алгылыктуу иштер орун алууда. Кылмышкерлер менен күрөшүү, коомдук тартипти көзөмөлдө жана калктын коопсуздугун камсыздоо жаатында ыкчам иш аракеттер көрүлүүдө. Ачыгын айтыш керек, коомдук тартипти камсыздоо үчүн ИИМ кызматкерлерине тиешелүү курал-жарактар, аппараттар жана маанилүү техникалар керектелет. Бул жаатта Улан Ниязбеков көп жылдан бери жаңыланбаган ИИМди бардык керектүү жабдыктар жана техникалар менен камсыздоого жетишти. Бүгүн борбор калаада ИИМдин ишмердүүлүгү жана жабдуулары боюнча саптык кароо өткөнүнө күбө болдук. Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин базасында түзүлгөн туристтик-экологиялык милиция жана Бишкектеги аймактык тескөөчүлөрдүн жаңы образы коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул деген туризм тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, өлкөгө туристтердин келишин арттырат дегендик.

Кыскасы, карапайым калктын коопсуздугу, ички тартиптин сакталышы чоң жоопкерчиликти талап кылат эмеспи. Ушул жаатта Улан мырза активдүү иш жүргүзүп жатканы жакшы жышаан. Албетте, Улан Омоканович жетектеген кызматтын оош кыйышы жетиштүү деңизчи, ошентсе да бул тармак акырындык менен алга жылып келе жатканын атчаны да, жөө жүргөнү да жок дей албайт. Учурда ИИМди реформалоо жана оптимизациялоо жаатында кызуу иштерди баштады. Акырындык менен бул демилгелер ишке аша турган болсо, ИИМ сандан сапатка өтүп, элдин милицияга болгон ишенимин толук кайтарууга өбөлгө түзүлөт. Албетте, баштаган ишинин акырына чыгууга Улан Омокановичтин дарамети жетет. Андыктан, министр Улан Ниязбеков алыска чуркачудай. Адамдык сапаты бийик, тажрыйбасы жетиштүү.

Булак: chyndyk.media