Бүгүн, 24-декабрда Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Апсамат Масалиев атындагы орто мектептин жаңы имараты падаланууга берилди. Ачылышына Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты. бул тууралуу президенттин Баткен обдлусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Облус башчысы алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы билим уясы көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады.
Имарат жалпысынан 275 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган. Апсамат Масалиев атындагы орто мектептин курулушу ушул жылдын 23-майында башталып, «Аминь» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн. Жаны мектеп заманбап эмеректер менен толук камсыздалып, пайдаланууга берилүүдө.
Аталган мектеп буга чейин эскилиги жеткендигине байланыштуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында жаңыдан куруу боюнча тапшырма койгон.
Жалпысынан Баткен облусунун аймагында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 250 млн сом акча бөлүнгөн.
Булак: Маралфм






