Энергетика тармагыбыздын «эки тизгин, бир чылбырын» колго алып, ɵлкɵнүн бүтүндɵй энергетика чɵйрɵсүн тейлеп аткан Доскул Бекмурзаев деген чала сабат министрибиз бар. Ɵткɵндɵ эфирге чыгып алып: «Биз электр энергиясын каяктан алып келип атканыбызды, канчадан сатып келип атканыбызды, аны кайра канчадан берип атканыбызды элге эмнеге айтышыбыз керек, элге эмнеге отчет беришибиз керек?..», – деп боорду эзген. Министр Бекмурзаев элдин эсебинен айлык алып бакандай министр болуп олтургандан кийин элге отчет берүүгɵ милдеттүү экенин билбейби? Эл бар үчүн министр болуп олтруганын унутуп калган жокпу? Жанында жүргɵн бирɵɵ-жарым окуп калса ɵзүнɵн сурап койгулачы! Анысы ал болду, айтып оозду жыйганча 2-3 күн мурун дагы эфирге чыгып алып: «Менин иш убактымдын 80%ы интернеттеге «фейктер» менен күрɵшүүгɵ кетип атат», – деп дɵɵрүдү. Деңгээл деген топтоголок эле «ноль» экен да. Ушундай да караңгы адам болобу? «Кыш-күрɵɵдɵ ишенген электр тармагын тескеп аткан министрибиз «фейктер» менен айтышып интернетте олтурса, анда ким иштеп атат?», – деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Ал интернетте кайым айтышып, ар бир комментарийге жооп жазганча жаз келип калбайбы?! Ушундай деңгээлдеги министр менен электр тармагыбыздын гүлдɵп-ɵсүшүн күтɵлүбү? Элдин кыжырын кайнатпай эфирлерге министрдин тыңыраак орун басарлары болсо жибергиле, урматтуу жакшылар! Же «эшегине жараша тушагы» дегендей алардын деңгээли да тиги «мистер» министрдикиндей элеби…
Булак:Де-Факто