Ага ылайык, 22-декабрда Кара-Кечеден көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулардын ортосуна чагымчылар жик таштап, пикир келишпестиктер жаралган. Атайын кызматтын аскерлери жаңжалды жөнгө салган.

Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары түшүндүрүү иштери жүргүзгөн. Айдоочулар кенди кайтарган атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүмүнүн аскерлеринен коопсуздукту сактоо ишин уланта берүүсүн суранышкан.

Учурда абал туруктуу. Кара-Кечеде көмүр казуу мурункудай жүрүп жатат.

Булак: Маралфм