Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

Азырынча канча адам жабыркаганы белгисиз. Бул тууралуу kaktus.kg'ге күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 22-декабрда Бишкектин Эркиндик жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдардын ортосунда пикир келишпестик болуп, андан кийин тапанча жана мылтыктан ок атышкан.

Азырынча жабыркагандар боюнча маалымат жок, бирок бир нечеси милицияга жеткирилген.
Алдын ала берилген маалымат боюнча, чыр-чатакка катышкандардын бири Мурат Рамонов - грек-рим күрөшү боюнча балбан жана Алигаджи Гамидгаджиев - 2019-жылдын Азия чемпионатынын күмүш байгечиси жана 2008-жылдын Европадага өспүрүмдөр биринчилигинин жеңүүчүсү.

Булак :kaktus.kg