Печать
Категория: Коом
Просмотров: 985

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнун ортосундагы пикир келишпестик спикердик кызматты талашуудан улам болгон имиш. Ташиев бул креслого Нурланбек Шакиевди алып келгиси келет (Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде анын басма сөз катчысы болчу), ал эми президент жакын тарапташы Талант Мамытовдун калышын каалайт.
Ошого байланыштуу Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалык кызматынан кетүү арызын жазды, деген божомолдоолор айтылды.

Кыргызстандын президентинин администрациясы kaktus.kg'ге билдиргендей, Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагалыгынан кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын сессиясынын ачылышы өтөт.
Учурда, 90 депутаттын ичинен 87 депутат аныкталды (эки округ боюнча кошумча шайлоо өтөт, ал эми Медербек Саккараев Казакстандын жараны болгонуна байланыштуу шайлоодон четтетилди).

Чакырылыштын аксакал депутат ачат деп күтүлүүдө. Бул ирет жыйынды аял киши Шарапаткан Мажитова ("Ынтымак" партиясы) өткөрөт. Жогорку Кеңештин спикери дайындалганга чейин ал төрайымдын милдетин аткарат.

Булак: Кактуз