ФАПтын ачылышына Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева, «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Кулунду айыл аймагынын башчысы, медицина кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

ФАПтын курулушуна «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду 3 млн сом, айыл өкмөтү 1 млн сом бөлгөн.

Мындан тышкары Баткен шаарынын жанындагы конушунда дагы бир жаңы ФАП пайдаланууга берилди. Жаңы ФАП акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен жабдылган.

Булак: Маралфм