Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абад жергесине болгон иш сапарында Барпы айыл өкмөтүнүн тургундары мамлекет башчынын кортежин салтанаттуу тосуп алгандагы көрүнүш чагылдырылган видео соцтармакка тараган. Анда тургундардын колдоруна желек көтөрүшүп, жолдун эки тарабына тизилишкенин көрүүгө болот. Мындан улам айрымдар бюджетке караган кызматкерлерди мажбурлап көчөгө чыгарышканын айтышып, Кыргызстан экинчи Түркмөнстанга айланып баратканына кабатырланышкан.
Буга жооп иретинде Барпы айылынын аксакалдары болуп өткөн окуяларга пикирин билдиришти. Видео интернетке жарыяланды. Аксакалдар эч кимдин мажбурлоосусуз, өз каалоору менен мамлекет башчысын тосуп алууга чыгышканын билдиришкен.
"Мамлекет башчы келатат дегенди угуп чын ниетибизден кубанып, тосуп алгыбыз келди. Аны ар кандай бурмалап, терс көрсөтүүгө аракеттенгендер болуп жатканын уктук. Садыр Жапаров чынында жакшы президент болууда. Эмнеге анын жакшы иштерин көрбөйбүз? Мисалы, "Кумтөрдү" мамлекетке алды, дыйкан, фермерлерди салыктан бошотту. Жаңы завод-фабрикаларды ачып жатат. Камчыбек Ташиев да мыкты иштөөдө. Канча деген коррупциялык иштерди талкалады, коррупционерлерди "кустурду", канчасы азыр камакта отурат. Жакшы жагын да көрө билишибиз керек да. Биз президентти колдойбуз, ошон үчүн кубанып тосуп алдык", - деген видеодо аксакалдар.
Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Барпыдагы көрүнүш боюнча комментарий берип, кызматтык териштирүү болуп жатканын билдирди.
"Барпы айылындагы окуя боюнча жергиликтүү тургундарды кортежди тосуп алууга чындап эле мажбурлашканбы же жокпу кызматтык териштирүү жүрүп жатат", - деди Султанбаев.