Бул туурасында шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, атайын бактардын (бирючина) көчөттөрү тигилгени жатат. Бул бадалдар өсөт жана багылышы да оңой болот.
Буга чейин Бөкөнбаев-Абдрахманов, Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн жана Ч.Айтматов проспектисинин кесилишине 20 миң даана тосмо көчөттөрүн отургузушкан.
Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги мурда тигилген бадал «тосмону» да иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.
Булак: reporter.kg