«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерин саясатташтыруунун, анын үстүнө, чайкоочулук кылуунун кереги жок», - деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
«Биринчи айым Айгуль Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес», - деди ал.
15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүү тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул өзгөртүүдөн улам Жанар Акаев парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттык мандат ала албай калды — партиянын мандаты аялдардын квотасы боюнча Токтобүбү Оргалчага өткөн.
Булак: Баракелде