Жасаган ишинен ызы-чуусу көп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин башына кайрадан кара булут айланды. Бул ирет Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлеринин бир бөлүгү министрдин отставкасын талап кылып жатышат. Буга борбордун директору Акпай Сарыбаевдин кызматтан алынышы себеп болгон. Ал эми министрлик борбордо каржылык мыйзам бузуулар көп болгондуктан, аталган жетекчи кызматтан алынганын билдирүүдө.
2021-жылдын октябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 15 пункттан турган мыйзам бузуу аныкталганы айтылып жатат. Аудиттин документтеринде Акпай Сарыбаевдин бир эле учурда эки кызматты ээлеп турганы, бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылып жатканы жазылган.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ички аудит башкармалыгынын жетекчиси Бек Ногойбаевдин айтуусунда, соңку он жылда Улуттук кардиология жана терапия борборунуна караштуу Кыргыз-индус борборуна Индиянын элчилиги 3 миллион долларга жакын кайтарымсыз акча берген. Каражат максатсыз пайдаланылып, Караколдогу лыжа базасына, циркке, ресторан-барларга барууга, кымбат баалуу арак-шарап сатып алууга жумшалган. Ошондой эле ушул акчалардын эсебинен Франция, Италия жана башка өлкөлөргө медицинага тиешеси жок сапарлар уюштурулган.
Ал эми А.Сарыбаев мындай айыптоого: “Министр Алымкадыр Бейшеналиевге менин ордум керек болуп атат. Аны менен сүйлөшкөндөр калып, тилин таппагандар жумуштан кетип атат. Бейшеналиев келгенден бери саламаттык сактоо тармагын “оорутуп” жатат. Мени Кыргыз-индия илим-изилдөө борборунан 179 миң сом алды деп жазып атышат. Ал акчаны илимий консультация кызматы үчүн алгам. Аны айга бөлсөң 5000 сомдон ашпайт. Директорлук кызматка айлык акы төлөнбөйт”.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл