Капырай, ушул биз жашап жаткан бүгүнкү күндө түшкө кирбеген, детектив кинолордон да көрбөгөн курч сюжеттүү окуялар болуп жаткан турбайбы. Болгондо да ошол “башкы ролду” аткаргандардын арасында өзүбүздүн кесиптешибиз менен тартип сакчысында кызмат өтөгөн укук коргоо кызматкери да бар экендигин укканда оозуңуздан келмеңиз түшүп, жакаңызды кармайсыз.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, 1-декабрда Бишкекке учуп келген түрк ишкерин “Манас” аэропортунан документтерин текшеребиз деген шылтоо менен уюшкан топ кармап, милиция бөлүмүнө алып келишкен.
Ошол замат эле тапанча менен коркутуп, бардык баалуу буюмдарын тартып алышкан. Андан соң башына баштык кийгизип, борбордогу үйлөрдүн бирине алып барып, беш күн кармашкан.
Атайын кызмат бул  уурдоону уюштурган жаран түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталганын билдирди. Дал ушул адам кылмышты пландап, кийин өзү барымтадагы адамга жардам бергендей түр көрсөткөн деп шек саналууда.
Бүгүнкү күндө бул кылмышка шектүү катары төрт жаран камакка алынды. Алардын арасында Чүй милициясына караштуу “Манас” аэропортундагы аба транспорт башкармалыгынын башчысы, ошондой эле, социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу, Ош шаарынын тургуну Бегимай Жоробекова да бар.
Интернетте Сезимай Жунусова деген ат менен таанымал бул адам буга чейин спорттук басылмаларда кабарчы, айрым партиялардын шайлоо штабдарында иштеген.
Бирок ЖКнын экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева журналист айымдын күнөөсү жок экендигин айтып, өлкө башчыларына үй камагына чыгаруу талабы менен кайрылса, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев: “Сезимай менин шакиртим болот. Ал камалар алдында мага телефон чалып окуянын чоо-жайын кыскача түшүндүргөнгө жетишти. Анын айтымында, Нияз аттуу жигит "аласамды ала албай жүрөм, милиция таанышың барбы" деп кайрылган экен. Бул кыз жакшы ой менен эле бир милиция таанышы менен аталган жигитти тааныштырган экен. Андан соң аталган милиция аркылуу айтылып жаткан кылмыш ишти ишке ашырганбы, ал мага белгисиз. Бирок Сезимайды эч кабарсыз эле жүргөн жеринен кармап кетишиптир”,- деди.

Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл