Мындан 15-20 жыл мурда, эл дал ушул бүгүнкү күндөгүдөй жумушсуздук, каатчылык жана кымбатчылыктан кыйналып турган жут заманда ар кандай шылуундар пайда болуп, каржы пирамидасын түзө коюп, бирок жалгыз уюна чейин сатып үстөгүн кайтарып алам деген адамдардын акчасын алган соң, жер жуткандай жоголуп кетишкен болчу. Жыйынтыгында жүздөгөн бирди эки кылып кайтарып алам деген адамдар үстөк пайызын мындай кой, ошол салган акчасын да кайтарып ала албай, сызга отуруп, карызга отуруп кала беришкен.
Дал ошондой каатчылык заман кайра кайталанган бүгүнкү күндө да дал ошондой шылуундар кайрадан эле карапайым элди алдап, каржы пирамидасын түзө коюп, жомоктогудай акчаны убада кылышып, дагы далай адамдарды алдап кетишти. Бир эле Балыкчы шаарынан жүздөгөн аялдар 74 млн. сомун ушундай шылуундарга алдарып коюшкан. Көпчүлүгү үйүн, мал жандыгын сатып, банктардан кредит да алышкан.
Андай шылуундар “ишмердүүлүгүн” өзгөчө Ысык-Көл облусунда кеңири жайылтышып, жалпысынан беш миң адамдан 3 млн. доллар суммасындагы элдин акчасын алышкан соң, баягыдай эле изин жашырып, жок болушкан. Бүгүнкү күндө бул ишти Башкы прокуратура текшерип, каржы пирамидасын беш украиналык жана үч кыргыз жараны түзгөндүгүн аныктады.
Алар маркетинг иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүп, жарандардын салган акчасы жыл сайын 260% чейин жогорку үстөк менен кайтарылары тууралуу жалган убадаларды беришкен. Жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан.
Бүгүнкү күндө каржы ишканасынын эки кызматкери камакка алынып, калгандары өлкө аймагынан качып кетишкендиги белгилүү болду. Баарынан таң каларлыгы, жергиликтүү жана тиешелүү көзөмөл органдары бул каржы пирамидасын түзгөндөргө керектүү уруксат документин беришкен. Эми ушундай маңыроолугу үчүн эл өзү күнөөлүүбү же каржы пирамидасынын ишмердүүлүгүнө уруксат берген органдарбы?
Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл