Бул туурасында Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.
Анын айтканына караганда, буга чейин эле ал компаниядан сунуш түшүптүр. Догоев «Кыргызстандагы парламенттик шайлоо бүтсүн» — деп күтүп жүрүптүр. Эми министр «Орусиянын баш калаасы Москвада аталган компанияда иштейм» — деп чечиптир.
Азырынча Microsoft компаниясында кандай кызматка орношоору туурасында так маалымат жок.
Дастан Догоев 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.
Билими:
- 2008 – Кингстон университети, бизнести башкаруу боюнча бакалавр
- 2020 — Гарвард университети. атындагы Мамлекеттик башкаруу институтунун мамлекеттик башкаруу магистри Жон Кеннеди жана Эдвард С. Мейсон программасынын бүтүрүүчүсү
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 2012-2014-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфо-система» мамлекеттик ишканасынын Долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы, директордун мекемени өнүктүрүү боюнча орун басары.
- 2014-2017-жылдары — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары
- 2017-2018-жылдары — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы
- 2018-2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
- 2019-2020 — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы
- 2020-2021 — Гарвард университетинде окуу. Мамлекеттик башкаруу институтунун мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасынын студенти. Джон Кеннеди жана Эдвард С. Мейсон программалары
- 2021-жылдын 20-майынан тартып — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри
- 2021-жылдын 27-октябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри
Булак: Reporter.kg