Бул туурасында Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.

Анын айтканына караганда, буга чейин эле ал компаниядан сунуш түшүптүр. Догоев «Кыргызстандагы парламенттик шайлоо бүтсүн» — деп күтүп жүрүптүр. Эми министр  «Орусиянын баш калаасы Москвада аталган компанияда иштейм» — деп чечиптир.

Азырынча Microsoft компаниясында кандай кызматка орношоору туурасында так маалымат жок.

Дастан Догоев 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.

Билими:

  • 2008 – Кингстон университети, бизнести башкаруу боюнча бакалавр
  • 2020 — Гарвард университети. атындагы Мамлекеттик башкаруу институтунун мамлекеттик башкаруу магистри Жон Кеннеди жана Эдвард С. Мейсон программасынын бүтүрүүчүсү

Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 2012-2014-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфо-система» мамлекеттик ишканасынын Долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы, директордун мекемени өнүктүрүү боюнча орун басары.
  • 2014-2017-жылдары — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары
  • 2017-2018-жылдары — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы
  • 2018-2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
  • 2019-2020 — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы
  • 2020-2021 — Гарвард университетинде окуу. Мамлекеттик башкаруу институтунун мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасынын студенти. Джон Кеннеди жана Эдвард С. Мейсон программалары
  • 2021-жылдын 20-майынан тартып — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри
  • 2021-жылдын 27-октябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри

Булак: Reporter.kg