Ысык-Ата №30 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Акбөкөн Таштанбеков жеңишке жетишкенин БШК билдирди. Маалыматка караганда, талапкер шайлоочулардын 16,06 пайыз добушуна ээ болгон. 

Акбөкөн Таштанбековго карата шайлоо аяктап, бирок добуштардын так жыйынтыгы чыга электе кылмыш иши козголгон. Ага соцтармактарга элди аймакка бөлгөн пикири чагылдыылган видео себеп болгон. Мындан улам коомчулук аны мындай пикири үчүн жоопко тартууну талап кылышкан. БШК Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергенден кийин "Улуттар аралык же аймактар аралык араздашууну козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, талапкер УКМКнын абагына киргизилген. 

Бирок кийинчерээк белгилүү болгондой, аталган видео мындан үч жыл мурда тартылган. Таштанбековдун тарапташтары муну шайлоодон кийин атайын жеңишин тартып алуу максатында атаандаштары соцтармактарга жайылтканын айтышууда. Белгилей кетсек, видео биринчилерден болуп журналимт Болот Абдыжапаровдун баракчасына жайгаштырылган. Ал өз кезегинде Таштанбековдун округ боюнча атаандашы Жанат Эдигеевге иштей турганы белгилүү болчу. Бир канча убакыттан кийин видеону журналист баракчасынан өчүрүүгү жетишкен, анткен менен Таштанбековдун тарапташтары аны скриншот кылып калышканын, эми сотко кайрылышаарын айтышууда. 

 Соцтармактарда акыркы учурда Акбөкөн Таштанбековду колдоочулардын калың тобу пайда болду. Алар болочок депутаттын Афганистандагы согуштун катышуучусу экенине, Жогорку Кеңештин 2-чакырылышынын депутаты болуп жасаган иштерине басым жасашууда. Укук коргоочу Турсунбек Акун үч жыл мурда тартылган видео бүгүнкү шартка эч кандай таасирин тийгизбеши керек деп эсептейт. 

"Жаңы шайланган депутаттын камалышы коомдо терс пикирлерди жаратышы мүмкүн. Анткени, бул куугунтук сыяктуу кабылданып калат. Видео чындап эле үч жыл мурун тартылган болсо, Акбөкөн Таштанбековду азыр камаштын кажети жок. Жаңы тартылган учурда кылмыш иши козголуп, териштирилиши керек эле", - деди Т.Акун. 

Окуя мындан ары кандай өнүгөт, көпчүлүк добуш алган Таштанбековго депутат болуу бактысы туш келеби же ойлонбой айткан сөзүнүн айынан жеңишин атаандашына тарттырып жибереби, убакыт көрсөтөт.