Биз буга чейин «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси жалпы улуттук билим берүүнүн брендине, эл аралык олимпиадаларда өлкөбүздүн билим берүүсүнүн жүзүнө айланып калганын бир канча жолу жаздык. Бул жазгандарыбыз куру сөз эмес экенин «Сапаттын» окуучулары дагы бир жолу тастыкташты. Москвадагы эл аралык олимпиадада «Сапаттын» окуучулары байгелүү 3-орунду ээлешти.
6-Мегаполис олимпиадасы 2021 жылдын 6-13-декабрь күндөрү Москва шаарында болуп өттү. Бул олимпиадада математика, физика, химия жана информатика предметтеринен жалпы 28 өлкөдөн 280 окуучу катышкан. Кыргызстандан атынан ар кайсы мектептерден Бишкек жана Ош шаарынан 2 команда түзүлдү. Бишкектин командасы УК АФМШЛ №61 мектебинин, УВК ШК№70 мектебинин жана Газпром мектебинин окуучуларынан түзүлсө, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары Ош шаарынын командасынын атынан катышышты. Жыйынтыгында Ч. Айтматов лицейинин 11-классынын окуучусу Тилек Аскербеков математика сабагынан, Х. Карасаев лицейинин 11-классынын окуучусу Азамат Саламатов химия сабагынан, Ч. Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу жана Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу информатика сабагынан коло медалга ээ болушту.
Жалпы командалык жыйынтыкта Ош шаарынын командасы 3-орунду камсыздап, блиц-турдун жыйынтыгында Ош шаарынын командасы prize-winner ге ээ болушту.
_411x185.jpg)